Узун намаз (#15323)

КҮНҮНӨ БИР ЖОЛУ ОКУЛАТ

*Бул дубаны окугусу келген адам түз туруп, Кудайга кайрылып жана эң Мээримдүү, Боорукер Теңиринин ырайымын күткөн сыяктуу оң жана сол жагын карап, анан мындай деп айтышы керек:

О, Сен, бардык ысымдардын Теңири, көктү Жаратуучу!  Өзүңдүн көзгө көрүнбөс эң Бийик, эң Даңктуу Улуу Маңызыңдын ак Таңы ким болсо, ошонун ысымы менен өзүңө жалбарам, менин дубамды Сенин сулуулугуңдан далдалап турган көшөгөлөрдү өрттөп салчу отко жана Өз жакындыгыңдын мухитине алып бара турган нурга айланта көр. 

*Андан кийин, Кудайга кайрылган алакандарын жайып, - Ал Кут-берекелүү жана Бийик,- мындай деп айтуу керек:

О, Сен, жарык дүйнөнүн Эңсөөсү жана бүт элдердин Сүйүктүүсү! Сенден башканын баарынан баш тартып, Өзүңө жүз бурганымды жана кыймылы бардык жаратылган нерселерге өмүр берген Өзүңдүн учугуңду бекем кармап турганымды көрүп турасың. О, менин Теңирим, мен Сенин пендеңмин жана Өзүңдүн пендеңдин урпагымын. Мына, мен Сенин алдыңда Сенин эркиңди жана каалооңду аткарууга даяр турам, Өзүңдүн ырайымың менен ыраазылыгыңдан башка эч нерсе издебейм. Өз мээримиңдин мухити менен жана кереметиңдин Күндүзгү Жылдызы менен жалбарам - пендеңе Өзүң эмнени каалап, эмнени тилесең, ошону буюра көр. Ар кандай эскерүү жана алкоолордон жогору турган Сенин кудуретиң менен ант берем! Өзүң тарабынан ачылгандын баары менин жүрөгүмдүн эңсөөсү жана жанымдын каалоосу. О, Аллам, айланайын Кудайым! О, жок, менин үмүттөрүмө жана жосундарыма карай көрбө!  Көк менен жерди камтыган Өзүңдүн эркиңди гана аткар! О, Сен, бардык элдердин Теңири, Сенин Эң улуу Ысымың менен ант берем! Сен эмнени кааласаң, мен ошону гана эңседим, Сен эмнени сүйсөң, ошону гана сүйдүм. 

*Андан кийин чөгөлөп, чекесин жерге тийгизип, мындай деп айтуу керек:

Өзүңдөн башка бардыгынын элестеткенинен Сен алда канча бийиксиң жана Өзүңдөн башка бардыгынын түшүнүгүнөн алда канча Улуксуң.

*Андан кийин өйдө туруп айтуу керек:

О, Жараткан Аллам, менин дубаларымды мүрөк суусуна айландыр, алар менен Сенин эгедерлигиңдин акырына чейин өмүр сүрөйүн, Сенин ааламдарыңдын ар биринде Өзүңдү эскерип жүрөйүн.

*Андан кийин кайрадан сыйынууга алакандарын жайып, мындай деп айтуу керек: 
   Өзүңдөн алыстаганда жүрөктөр менен жандар эзилип, сүйүү отуң менен бүткүл дүйнөнү тутандырган, о Сен, Улуу Теңир! Бүт жаратылышты өзүңө баш ийдирген ысымың менен Сага сыйынам, Өзүңдө бар нерселерден мени куру калтыра көрбө, о, Сен, бардык адамдардын Башкаруучусу! Көрүп турасың, О, менин Теңирим, ушул жолоочу Сенин улуулугуңдун көлөкөсүндөгү, Өзүңдүн ырайымыңдын чегиндеги эң бийик жайына ашыгып турат, ушул күнөкөр - Сенин кечиримиңдин мухитине, ушул басынган шордуу - Өзүңдүн даңк сарайыңа, ушул жакыр - Сенин байлыгыңдын таңына умтулат. Эмнени кааласаң, ошону буйрук кылуу – Сенин гана бийлигиңде. Сенин иштериңди даңктоо, осуяттарыңа баш ийүү парз экенине күбө этем, ал эми Сен - эмнени кааласаң, ошону буюрууга эрктүүсүң.

*Андан кийин алакан жайып Улуу Ысымды үч ирет кайталайт. Андан соң колдорун тизесине алып Кудай алдында таазим этип, - ылайым Анын даңкы арта берсин, - мындай деп айтуу керек:

   О, Кудайым, Сага сыйынып, Сени эскерип, Сени алкоого болгон жалындуу каалоо менен умтулуу бүт тулку боюмдагы рухумду жалындатып турганын көрүп турасың, Сөзүңдүн Падышалыгында жана Сенин билимиңдин асманында Осуятыңдын Тили күбө эткен нерсеге ал да күбө. Ушул абалда туруп, о менин Теңирим, Өзүңдө бар нерселерди сурап жалбарам, өзүмдүн жакырлыгымды көрсөтүп, Сенин жоомарттыгың менен байлыгыңды даңктайын, өз алсыздыгымды моюндап, Сенин күчүң менен кудуретиңди ачыктай алгыдай болоюн.

*Андан кийин өйдө туруп, сыйынууга колдорун эки ирет көтөрүп айтуу керек:

Бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Жоомарт Сенден башка Кудай жок. Башында да, акырында да баарын Тейлөөчү Сенден башка Кудай жок. О, Жараткан Аллам, айланайын Кудайым! Сенин кечиримиң мага дем берип, ырайымың мага күч берди, Сенин чакырыгың мени ойготту, мээрмандыгың ордумдан көтөрүп Сага карай алып келди. Болбосо Өзүңдүн жакындыгыңдын шаарынын дарбазасы-нын алдында тургандай же Сенин эркиңдин асманынан жаркырап турган жарыктарга жүзүмдү бургудай мен ким элем? О, менин Теңирим, Сенин ырайымыңдын эшигин каккылап турган бул мусаапыр пендеңди жана ырайымыңдын колунан чексиз өмүр дарыясын издеген бул өткүн жанды көрүп турасың. Бардык заманда бир Өзүң гана бийлик кыласың, о Сен бардык ысымдардын Теңири; мага болсо момундук менен Сенин эркиңе ыктыярдуу моюн сунганым оң, о, көктүн Жаратуучусу!

*Андан кийин, сыйынуу ишаратын жасап, колдорун үч ирет көтөрүп, алакан жайып айтуу керек: 


Улуктардын улугу – бир гана Кудай!


*Андан кийин чөгөлөп, чекесин жерге тийгизип айтуу керек:

Сага жакындардын мактоосу Өзүңдүн жакындыгыңдын асманына жетиш үчүн жана Өзүңө дили менен берилген жүрөктөрдүн куштары Өзүңдүн дарбазаңдын эшигине көтөрүлүш үчүн Сен өтө эле бийиксиң. Бар аныктамалардын бардыгынан жогору экениңе, бар ысымдардын бардыгынан ыйык экениңе күбө этем. Бардыгынан Бийик, бардыгынан Даңктуу, Сенден башка Кудай жок.

*Андан кийин отуруп айтуу керек:

   Бардык жаратылгандар жана Көктүн Кошуундары, эң бийик Бейиштин тургундары жана алардан тышкары даңктуу Асмандагы Улуулук Сөзү күбө эткенге мен да күбөмүн, Сенин Кудай экениңе, Сенден башка Кудай жок экенине жана Анын Өзүң тарабынан ачылган Ыйык Сыр экендигине, асыл Белги экенине, Ал аркылуу «Бар бол» деген сөздүн тамгалары биригип, бири-бирине байланганына күбө этем.


*Андан кийин өйдө туруп айтуу керек:

О, бардык нерселердин Теңири, көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин ээси! Сен менин көз жашымды, үшкүрүгүмдү, онтогон үнүмдү жана жүрөгүмдүн ыйын угуп турасың. Сенин кудуретиң менен ант этем! Менин кылган жорук-жосундарым Сага жакындоого жол бербей, кетирген күнөөлөрүм Сенин ыйыктык корооңдон мени оолактатып алыс кармайт. О, Теңирим, Сенин сүйүүң мени байытса, Сенден оолак болуу мени алсыратып, Сенден алыстоо мени жок кылат. Ошол чөлдө баскан изиң менен, Тандалма жандарыңдын «Мына, менмин» деген сөздөрү менен, Сенин Аяныңдын деми менен жана Өзүңдүн Жарчыларыңдын таңынын назик желдери менен Өзүңө жалбарам - Сенин сулуулугуңду көрүүнү жана Китебиңде жазылгандардын баарын аткарууну мага буюра көр.

*Андан кийин колдорун көтөрүп, Улуу Ысымды үч ирет кайталаган соң, колдорун  тизелерине алып, эңкейип айтуу керек:

О, Кудайым, Өзүңдү эстеп  жана алкоо айтууга мага жардам бергениң үчүн, Өзүңдүн аят-белгилериңдин Таңын мага таанытканың үчүн, Теңирлигиңдин алдында таазим кылып, Өзүңдүн Кудайлыгыңдын алдында моюн сунууга мажбур кылганың үчүн жана Улуулугуңдун Тили жарыя кылганды таанууга жардам бергениң үчүн Өзүңө чексиз алкоо айтам.

*Андан кийин өйдө туруп айтуу керек:

О, Аллам! Айланайын Кудайым! Күнөөлөрүмдүн оордугунан белим бүгүлүп, бейкапарлыгым менин түбүмө жетчүдөй. Өзүмдүн кылган иштеримди, ага карабай Сенин кылган ырайымың жөнүндө ойлогон сайын жүрөгүм эрип, тамырымда каным кайнайт. Сенин сулуулугуң менен ант берем, о, дүйнөнүн Эңсөөсү! Сага жүзүмдү бургандан тартынып, жалбарган колумду Сенин жоомарттыгыңдын асманына көтөрүүдөн уялам. О, Кудайым, аккан көз жашым Сени эстегенге, касиетиңди даңазалоого жол бербей жатканын көрүп турасың, О, асман-жер Тагынын Теңири! Сенин Падышалыгыңдын белгилери жана Бийлигиңдин ыйыктыгы менен жалбарам, сүйүктүүлөрүңө Өзүңдүн жоомарттыгыңа жараша жана Өзүңдүн ырайымыңа ылайык келгенди насип кыл, о, бардык нерсенин Теңири, о, көрүнгөндүн жана көрүнбөгөндүн Өкүмдары!

*Андан кийин колдорун көтөрүп, Улуу Ысымды үч ирет кайталаган соң, чөгөлөп, чекесин жерге тийгизип айтуу керек:

О, Алла, биз үчүн Өзүңө жакындата турган күчтү жибергениң үчүн, Өзүңдүн китептериңде жана Жазмаларыңда айтылган изгиликтерди ачып бергениң үчүн Сага миң мертебе алкыш. О, Кудайым, бизди маанисиз ойдон жана пайдасыз куру кыялдардан сакта деп Сага жалбарабыз. Сен акыйкатта, Кудуреттүүсүң, баарын Билүүчүсүң.

*Андан кийин башын көтөрүп, отуруп айтуу керек:

О, Кудайым, Сенин Тандалма Жандарың күбө эткенге мен да күбө этем жана Улуу Бейиштин тургундары менен Сенин кудуреттүү тактыңды курчап тургандар тааныган нерсени мен да тааныйм.  Жер менен көктүн Падышалыгы - Сенин маңызың, О, ааламдардын Теңири!

-Bahá'u'lláh
-----------------------

